24 Haziran 2016 Cuma

Киришүү

Киришүү

Өткөн өмүрүңүздү карап, ушул күнгө чейин башыңызга келгендерди эстесеңиз, он жылдарга созулган окуялардын негизи бир канча мүнөттөн ашпай турганын көрөсүз. Бир кездерде өтө маанилүү деп ойлогон, кээде толкундануу менен, кээде тынчсыздануу менен, кээде болсо кызыгуу менен күткөн окуяларыңыздын баары эми сиз үчүн бир эскерүүгө гана айланган. Алардан бул дүйнөгө тиешелүү эсиңиздеги маалыматтар гана калган. Бирок ал убакыт ичинде айткан ар бир сөзүңүз, жасаган ар бир ишиңиз, ичиңизден ойлонгон ар бир оюңуз Аллах Кабатында сакталуу турат.
Ар бир адам сөзсүз туш боло турган өлүм менен бирге бул маалыматтар алдыңызга төгүлөт. Сиздин эсиңизде бир канча мүнөттөй гана калган өмүрүңүз Аллах Кабатында сизге ар бир көз ирмеми менен, мүнөт мүнөт, бир секундасы да калбай, толук көрсөтүлөт.
Эгер өмүрүңүздү Аллахтын жашооңузду толук башкарып тураарын жана эмне максатта жаратканын билип өткөргөн болсоңуз, башыңызга келген бүт окуяларды жакшылакка жоруп, Аллахтын тагдырыңызды сиз үчүн эң жакшы боло тургандай кылып жаратканын түшүнсөңүз, анда сизди күткөн жыйынтык кайра эле жакшылык болот.
Себеби өлүмдөн соң адам кабыла турган эки гана ыктымалдык бар; эгер адам өмүрүн Аллах ыраазы боло турган кулк-мүнөз менен өткөрсө, түбөлүк бир кутулууга жетет, андай кылбаган болсо түбөлүк бир азапка туш болот. Аллах ыраазы боло турган кулк-мүнөз болсо мындай: адам бүт нерсенин Андан келгенин билип, дайыма ар кандай шартта Ага шүгүр кылып, бүт өмүрүн ар бир окуяда бир жакшылык бар экенине ишенип өткөрүшү керек.
Адамдын башына келген бүт окуялардан ыраазы болушу, ар бир окуяда бир жакшылык бар экенине ишениши жана дайыма Аллахка шүгүр кылып жашашы болсо өтө оңой. Аллахтын улуулугун жана кудуретин түшүнгөн ар бир адам сөзсүз ошентип жашайт. Бул үчүн адамдын жашап жаткан дүйнөсүн жана ал дүйнөдөгү бүт нерсени жараткан Раббибизди таанып, Аны кудуретин жакшылап түшүнүшү жетиштүү болот.
Адам бул дүйнөгө келгенден баштап башына келген окуялардын баарын, уккан ар бир сөзүн, көргөн нерселеринин баарын Улуу Аллах жараткан. Аллах чексиз кудуреттүү, чексиз акылдуу, чексиз адилеттүү жана чексиз даанышман.
Куранда «Эч күмөнсүз, Биз бүт баарын тагдыр менен жараттык» (Камер Сүрөсү, 49) аяты менен кабар берилгендей, Аллах бүт нерсени белгилүү бир план жана максат менен жаратат. Аллахтын мындай чексиз кудурети жана улуулугу алдында адам болсо өтө чектүү жана алсыз болуп калат.
Жашаш үчүн Аллахтын ага мүмкүнчүлүк беришине жана жакшылыктар тартуулашына муктаж. Акылы менен түшүнүгү Аллах ага үйрөткөн нерселерди гана түшүнүүгө жетет. Ошондуктан, Аллахтын чексиз акылына жана чексиз даанышмандык менен жараткан тагдырына моюн сунуу адамдын негизги бир муктаждыгы. Ар бир башына келген окуяда Аллахтын бүт ааламдын жана бүт жандыктардын өкүмдары экенин билип, ал көрө албаган, биле албаган окуяларды Аллахтын көрүп билээрин, ал уга албаган үндөрдү Анын угаарын, жана ал кабарсыз болгон өткөн жана келечектеги бүт окуяларды Раббибиздин билээрин ойлонуп, Аллахтын бүт окуяларды эң даанышмандык менен, эң жакшы боло тургандай кылып жаратканын түшүнөт. Бул чындыкка ишенүү аны өмүрүнүн ар бир көз ирмемине шүгүр кыла алууну билген бийик кулк-мүнөздүү кылат. Башкача айтканда, адам ушундай ыйман себептүү уккан ар бир үнүнө, көргөн ар бир көрүнүшкө, башына келген ар бир окуяга, кыскасы, өмүрүнүн ар бир көз ирмемине «жакшылык көзү менен карайт» жана натыйжада жашоону эң чыныгы жана эң туура түшүнгөн болот.
Жана аятта «Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот же шүгүрсүз» (Инсан Сүрөсү, 3) деп кабар берилген варианттардын арасынан эң туурасын тандап, жашоонун эң жакшы натыйжасын алат жана Аллахтын уруксаты менен эң жакшы жашоого, түбөлүк бейиш жашоосуна жетүүнү үмүт кылат.
Бул китептин максаты – адамдарга өмүрдү, ар бир көз ирмемди, ар бир окуяны жакшылыкка жоруп жашоонун сонун экенин көрсөтүү, жана тагдырдын ар бир секундасына жакшылык көзү менен кароонун адамга дүйнө жана акыретте алып келе турган жакшылыктарын эстетүү. Ошондой эле, адамдын жакшылыктарды көрүшүнө тоскоол болгон пардаларды ачып, туура эмес жашоодон кутулушуна көмөкчү болуу.
Адамды тагдырынын ар бир көз ирмемине тили менен эле эмес, жүрөгү менен да «мында да бир жакшылык бар» дей ала турган, башына келген кыйынчылыктарга чыдап эмес, чын жүрөктөн моюн сунуп, ыраазылык менен сабыр көрсөтө ала турган бир кулк-мүнөзгө үндөө. Тагдырдын кемчиликсиз жаратылганын эске салуу менен, бүт ыймандууларды Аллахтын чексиз акылына моюн сунуп, дайыма жакшы маанайда жашоого чакыруу.

Бүт Нерсени Жакшылыкка Жоруу

Бүт Нерсени Жакшылыкка Жоруу

Окуяларды жакшылыкка жоруу негизи көп адамдар билген бир сөз. Көп адамдар күнүмдүк жашоосунда көп жолу «мында да бир жакшылык бар» же «бир жакшылык бардыр» деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Бирок бул көбүнчө ооз көнүп калгандыктан же бул сөздөр эл арасында салтка айланып калгандыктан айтылат. Болбосо, ал адамдар жакшылыкка жоруунун эмне мааниге келээрин же бул түшүнүктүн күнүмдүк жашоодогу ордун билишпейт. Ал тургай, кээ бирлер бул сөздүн жөн эле сөз эмес, жашоодо өзүнүн мааниси бар экенин да билишпейт.
Бирок адам жакшы же жаман, оң же терс сыяктуу көрүнгөн бүт окуяларды, эмне гана болбосун, сөзсүз жакшылыкка жорушу Аллахка болгон чын ниеттүү ыймандан келип чыккан бир кулк-мүнөз жана ыймандан келип чыккан бир жашоо формасы болуп саналат. Жана бул чындыкты түшүнүү адамга дүйнөдө жана акыретте бүт сый-жакшылыктардын эшигин ачып, адамдын жашоосуна бейпилдик менен эсенчилик алып келет.
Бир ыймандуунун эч нерсеге кайгырбай, пессимизмге түшпөшү анын ыйманды туура түшүнгөнүн көрсөтөт. Башына келген окуяларга жакшылык көзү менен карабай, дайыма тынчсызданып, үмүтсүз маанайда жашоо, терс окуялар болот деп күтүү, кайгырып сезимдерге алдыруу болсо таптаза, ачык бир ыйманды бүдөмүк түшүнүүнүн белгиси болот. Мындай бүдөмүктү эч кечиктирбей алып салып, үзгүлтүксүз ыйман кубанычын жашоонун бир мүнөзүнө айландыруу керек. Аллахка ыйман кылган бир адам терс же туура эместей көрүнгөн бир окуяга кабылганда, негизи мунун ал үчүн сөзсүз эң жакшысы экенин билиши зарыл. «Терстик», «кааланбаган нерсе», «аттиң» сыяктуу сөздөрдү болсо сабак алуу максатында гана колдонушу шарт. Б.а. «бул окуянын бир жакшы тарабы бар, бир максаты бар, бирок эмки жолу бул катаны кылбайын, азыр үйрөнгөндөй туурасын кылайын» деген көз-карашта болушу керек. Кайра ошол эле кыйынчылыкка кабылса же ошол эле катаны кетирсе, кайра эле бир жакшылык жана бир максат менен жаратылганын эч унутпай, «эмкисинде туурасын кылайын» деп ниет кылышы зарыл. Ал тургай, бир эле окуя бир канча жолу кайталанса да, ошондо да мусулман үчүн мында бир жакшылык бар экенин билиши керек; себеби бул Аллахтын мыйзамы жана Аллахтын мыйзамы эч качан бузулбайт.
Бир адам Аллахтан келген жакшылык менен даанышмандыктын эч тынымсыз уланаарын билгенде көңүлү тынчтанып, бир калыптуу болот. Бул акыйкатты түшүнүү дүйнөдө ыймандуу үчүн чоң бир сый-жакшылык болот. Динден алыс, Аллахка ишенбей жашаган адам дайыма азап ичинде болот; бүт окуяларды өзүнүн зыянына деп жоромолдойт. Жана ошол себептүү дайыма кыйналып жашайт. Ыймандуу адам болсо окуялардын түпкү максаты менен жакшылык тараптарын көрүп, кубанып жашайт.
Мына ушул себептен орто бир мамиледе болуу, башына келген окуяларды жакшылыкка да, жамандыкка да жоруп, азап тартуу акыретте ыймандууну өтө уялтышы мүмкүн. Ушунчалык ачык жана жөнөкөй бир чындыкты жалкоолук жана капылеттик себебинен түшүнмөксөн болуу, жүрөк менен акылга толук кабыл алдырбоо акыретте жана дүйнөдө азап ичинде жашоого себеп болушу мүмкүн. Аллах даярдаган тагдырдын бүтүндөй кемчиликсиз жаратылганын билүү керек. Миллиондогон окуядан турган бул бүтүндө жакшылык көзү менен караган адам үчүн жакшылыктар жана терең даанышмандыктар гана бар. Ыймандуу бир адам эрки менен акылын колдонуп эч бир окуяда шайтандын тузагына түшпөйт. Окуянын абалы, кишилери, күнү, орду кандай гана болбосун, баарынын бир жакшылык экенин унутпайт. Өзү да ошол учурда ал жакшылыкты байкай албашы мүмкүн, бирок эң негизгиси бүт нерсенин жакшылык менен жаратылганына толук ишенүү керек.
Бирок адам табияты шашма болгондуктан, кээде башына келген окуядагы жакшылыкты ошол замат көргүсү келиши мүмкүн. Эгер аны ошол учурда көрө албаса, өзүнүн зыянына боло турган нерселерде кежир мамиле жасашы ыктымал. Куранда адамдын мындай шашма тарабы төмөнкүдөй кабар берилген:
Адам жакшылыкка дуба кылгандай жамандыкка да дуба кылат. Адам өтө шашма. (Исра Сүрөсү, 11)
Бирок адам өзү туура жана жакшы деп ойлогон нерселерде өжөрлөнүп, аларга жетүүгө шашылып, ошолорду эңсей бербей, Аллах алдынан чыгарган окуялардагы сырлар менен жакшылыктарды көрүүгө аракет кылышы зарыл. Мисалы, бир адам материалдык байлыгынын көбөйүшүн өтө каалап, ал үчүн аракет кылып жаткан болушу мүмкүн. Бирок канча аракет кылса да көпкө чейин, ал тургай, эч качан бул ишке ашпашы ыктымал. Муну өзүнүн зыянына деп ойлогон адам болсо жаңылат. Албетте, бүт адамдар Аллах ыраазылыгы үчүн колдонуу максатында мал-мүлккө бай болоюн деп дуба кылышы мүмкүн. Бирок бул кечигип жатса же эч ишке ашпай жатса, мында чоң жакшылыктар бардыр. Балким руханий жактан белгилүү деңгээлге жетилбей туруп, байлыкка жетүү адамды Аллахтын жолунан адаштырып, шайтандын тузагына түшүрүшү мүмкүн. Мындай нерсенин артында адам жакынкы келечекте көрө турган же акыретте гана түшүнө турган ушул сыяктуу дагы көптөгөн жакшылыктар жашырылган болушу ыктымал. Дагы бир мисал катары, бир ишкер өз ишинде чоң ийгиликке жете турган өтө маанилүү бир чогулушка катыша албай калышы мүмкүн. Бирок балким ал чогулушка барса жолдо бир кырсыкка кабылышы же чогулуш башка бир шаарда болсо бараткан учагы кулап түшүшү ыктымал эле.
Албетте, булар жалпы мисалдар жана ар бир адам өмүрүндө ушул сыяктуу окуяларга кабылган болушу мүмкүн. Бир караганда терстей көрүнгөн окуялардын көптөгөн жакшы тараптарын көргөндүр. Бирок адам бир караганда терстей көрүнгөн мындай окуялардын жакшы тарабын али түшүнө элек болушу да ыктымал. Себеби жогоруда да айтылгандай, адамдын бир окуядагы жакшылыкты кыска убакыт ичинде көрүшү шарт эмес. Адам балким бир окуянын жакшы тарабын канчалаган жылдан кийин билиши мүмкүн же эч билбей калышы да мүмкүн. Балким Аллах ал кабылган кыйынчылыктын жакшылыгын ага акыретте көрсөтөт чыгаар. Ошондуктан Аллахка таянган жана тагдырга моюн сунган бир адам ар кандай окуяны –сырын түшүнсө да түшүнбөсө да- жакшылык көзү менен баалап, бүт нерседен ыраазы болушу керек.
Бирок муну да айта кетүү керек: «жакшылык көзү менен кароо» окуяларды көрмөксөн болуу, кайдыгер болуу же ашыкча оптимист болуу деген мааниге келбейт. Тескерисинче, ар бир адам башына келген окуяларда колунан келген бүт чараларды көрүп, бүт жолдорду жасап көрүүгө милдеттүү. Окуянын бул тарабын да сөзсүз эске алуу керек, себеби караңгы элдерде ар кандай түшүнүктөрдү чыгарган адамдар да бар. Мисалы, караңгы элдерде окуяларга өтө кайдыгер мамиле кылган белгилүү бир топ болот жана алар бүт окуяларга ашыкча оптимист карашат. Мындай адамдарды көбүнчө эл арасында «жашоону кызгылт (розовый) көз айнек менен карайт» дешет. Мындай адамдар окуяларга кайдыгер мамиле кылганы үчүн жана чара көрүү ордуна жаш баладай оптимист мамиледе болгону үчүн акылдуу нерселерди жасашпайт. Мисалы, олуттуу бир оорууң бар деп диагноз коюлган киши «эч нерсе болбойт» деп жүрө берсе, оорусу андан да күчөйт. Же үйү тонолуп кетсе да чара көрбөй жүрө берген киши башка ууруларга да өз колу менен мүмкүнчүлүк түзүп берген болот.
Албетте, мындай жаш балача мамиленин бул китепте айтылган жакшылыкка жоруу жана тобокелдик (Аллахка таянуу) түшүнүктөрү менен эч байланышы жок. Мындай мамилелер ашыкча кайдыгерлик болот. Мындай модельдеги акылмандыктан алыс адамдардын тескерисинче, ыймандуулар бир окуяга карата колдорунан келген болгон аракетин жасап, керектүү иштерди орундатышат; б.а. «кыймыл-аракет менен дуба» кылышат. Бирок ал иш-аракеттерди жасап жатып, бүт иштин натыйжасынын Аллах каалагандай болоорун да эч качан унутушпайт.
Куранда бул акыйкатты түшүнгөн пайгамбарлардын жана чын ыкластуу ыймандуулардын өмүрлөрүнөн мисалдар келтирилип, кыйынчылыктар учурундагы Аллахка болгон таянычтары адамдарга өрнөк көрсөтүлгөн. Ал мисалдардын бири – Аз. Худдун Кудайды танган коомунун коркутууларына берген, жана Аллахка болгон таянычы менен баш ийүүчүлүгүн көрсөткөн жообу. Аяттарда мындай деп айтылат:
«Эй Худ» дешти. «Сен бизге апачык бир далил (керемет) менен келген жоксуң жана биз сенин сөзүң менен кудайларыбызды таштабайбыз. Сага ыйман кылбайбыз (ишенбейбиз) дагы.» «Биз: «Кээ бир кудайларыбыз сени өтө жаман уруптур» деген сөздү гана айтабыз.» Ал айтты: «Аллахты күбө келтирем, силер да күбө болгула, чындап мен силердин шерик кошкондоруңардан алысмын.» «Андан башка (кудайлардан). Эми силер мага баарыңар чогуу каалаган тузагыңарды кургула, анан мага убакыт да бербегиле.» «Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). «Ошого карабай жүз бурсаңар, анда силерге жөнөтүлгөн нерсемди жеткирдим (түшүндүрдүм). Раббим болсо силерден башка бир коомду ордуңарга жаратат. Силер Ага эч нерсе менен зыян бере албайсыңар. Чындыгында менин Раббим бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Худ Сүрөсү, 53-57)

Караңгы Адамдардын Окуяларга Көз-Карашы

Караңгы Адамдардын Окуяларга Көз-Карашы

Кээ бир адамдар башына келген окуяларды өздөрүнүн логикасы менен «жакшы же жаман» деп белгилүү категорияларга бөлүшөт. Минтип категорияга бөлүүдө өздөрүнүн көнүмүш адаттары менен элдин адат-салтына таянышат. Окуяларга карата мамилеси да окуянын күчүнө же абалына жараша өзгөрөт, бирок коому тарабынан белгиленген калыптар тегерегинде болот.
Ар бир адамдын жаш кезинен баштап келечек жөнүндө бир катар пландары болот. Бирок окуялар дайыма эле адамдар ойлогондой же пландагандай боло бербеши мүмкүн. Күтүлбөгөн, эч күтүүсүз окуялар кээ-кээде ар бир адамдын башына келиши ыктымал. Кээде бүт баары дал ошол адам каалагандай болуп жатып, кээде болсо бир караганда терстей көрүнгөн бир канча окуя катары менен башына келиши мүмкүн. Ден-соолугу өтө чыңдай көрүнгөн бир адам бир заматта өлүмчүл ооруга чалдыгышы мүмкүн же бир кырсык натыйжасында ден-соолугунан ажырашы ыктымал. Же өтө бай бир адам эч күтүүсүз, бир заматта бүт мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн.
Көбүнчө адамдар өмүрүндө болуп турган ушул сыяктуу өйдө-төмөндөргө ар кандай жооп көрсөтүшөт. Окуялар алар каалагандай болуп, алардын кызыкчылыгына бир зыян тийгизбеген учурда кубанышып, күтүүсүз окуяларга кабылганда болсо, ошол замат нааразы болушат же баш көтөрүүгө чейин барышат. Окуялардын маанилүүлүгүнө жана жыйынтыгына жараша нааразылыгы ан сайын күчөйт.
Мындай мүнөздү караңгы коомдордун көпчүлүгүнөн көрүүгө болот. Бирок мындай адамдардын кээ бирлери нааразы болуп турса да, ал окуяларга «бир жакшылык бар чыгаар» деген сыяктуу сөздөрдү айтпай коюшпайт. Бирок ал адамдардын мындай сөздөрү –жогоруда да айтылгандай- толугу менен оозу көнүп калганы үчүн же коомдо адатка айланганы үчүн гана айтылат. Көп адамдар башына келген окуяларда чындап өзү айткандай бир жакшылык издешпейт.
Кээ бирлери болсо зыянсыз же кичинекей деп ойлогон терстиктерге «бир жакшылык бардыр» дешет, бирок чоң же кызыкчылыктарына маанилүү зыян алып келе турган окуяларга кабылганда жакшылык жөнүндө эч айтпай калышат. Мисалы, жумушуна баратып автобуска жетпей калган же машинасы бузулган бир киши мындай кичинекей бир окуяга «бир жакшылык бардыр» деп көп маани бербеши мүмкүн. Бирок ушул себептен улам башчысынан жаман сөз угуп же ишинен айдалса, анда ошол замат арызданып баштайт. Же арзан бир сааты жоголсо «бир жакшылык бардыр» деген бир адам бриллиант шакегин жоготкондо өзүн жогото турган даражага келиши мүмкүн. Бул чек «алсыз жери» деп аталат жана бүт адамдардын сөзсүз «алсыз жерине тийе турган бир чекити» бар. Адам жакшылык көзү менен карай турган же сабыр кыла турган кичинекей окуялар бар, бирок укмуш чоң бир окуяга туш болгондо ар кандай терс мамилелерди жасоону өзүнүн эң табигый укугу катары көрөт.
Кээ бир адамдар болсо «жакшылык көзү менен кароо» түшүнүгүн сооротуу максатында гана колдонушат. Адамдын окуяларга жакшылык көзү менен карашынын чындыгында эмне мааниге келээрин билбейт дагы. Муну кыйынчылыкка кабылган же зыянга учураган достордун бир-бирин сооротуу үчүн чыгарган нерсеси деп ишенишет. Мисалы, банкрот болгон бир таанышын же класстан көчпөй калган бир курбусун сооротуу керек болгондо «мейли эми, бир жакшылык бардыр» же «болоор иш болду, жакшылыкка жоруу керек» деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Мындай окуя өз башына келгенде болсо эч жакшылыктан сөз кылышпайт. Бул абал алардын айткан сөзүнүн маанисинен толук кабарсыз экенин көрсөтөт.
Мындай адамдардын терс сыяктуу көрүнгөн бүт окуяларда бир жакшылык болушу мүмкүн деп ойлонбошунун себеби алардын ишениминин түп-тамырынан бузук болушунда. Адамдын өмүр бою башына келген бүт окуяларды Аллах жаратканын, ар бир иштин белгилүү бир тагдыр менен иштээрин жана дүйнө жашоосунун бир сыноо жери экенин түшүнбөшү «жакшылык көзү менен карашына» чоң бөгөт болот.
Ошондуктан эмки бөлүмдө эң биринчиден бүт окуяларда сөзсүз бир жакшылык бар экенине ишенүү жана ал жакшылыктарды көрө алуу үчүн билүү керек болгон кээ бир маанилүү акыйкаттарга токтолобуз.

Жакшылыктарды Көрө Алуунун Жолдору

Жакшылыктарды Көрө Алуунун Жолдору

Ар бир окуяны, ар бир майда-баратты Аллах жаратканын билүү...

Көп адамдар жакшы деп ойлогон окуяларга кубанып, жаман же терс бараткандай көрүнгөн окуяларга кайгырышат. Бирок ыймандуу адамдардын минтип өзүн кыйнашы туура эмес болот. Аллах Куранда ар бир окуяны чын ыкластуу кулдарынын жакшылыгына жаратканын сүйүнчүлөп, алар үчүн эч качан кайгы жана кыйынчылык болбой турганын кабар берген.
Куранда айтылган бул чындыкты жүрөгүнө сиңирген бир адам дүйнө жашоосунда кандай гана окуяга туш болбосун, ага ыраазы болуп, ал окуянын артында жашырылган жакшылык менен сырларды көрө алат.
Кээ бир адамдар болсо канчалаган жылдар бою бул дүйнөнүн эмне үчүн жана кантип пайда болгонун эч ойлонбой, өмүрүн өткөрүшөт. Албетте, жүрөгүнөн мындагы кереметтердин жана кемчиликсиз тартиптин бир Жаратуучусу бар экенин билишет. Бирок дүйнө жашоосун сүйгөнү же чындыктарды кабыл алгысы келбегени үчүн Аллахтын бар экенин ойлонуудан качышат. Башына келген окуялардын баарын Аллахтын бир план жана даанышмандык менен жаратканын көрмөксөн болуп, аларды шанс же кокустук сыяктуу ойдон чыгарылган нерселер менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Бул болсо алардын окуяларга жакшылык менен карашына, башына келгендерден туура жыйынтык чыгарышына жолтоо болот.
Кээ бирлер болсо Аллахтын бар экенин билип, бүт ааламды жана адамды Аллахтын жаратканын түшүнүшөт. Жамгырды жаадыргандын, чагылганды чактыргандын же күндү чыгаргандын Аллах экенин билишет. Башкача болушу эч мүмкүн эмес дешет. Бирок күнүмдүк жашоодо башына келген окуяларды же кичинекейдей көрүнгөн майда-бараттарды Аллахтан көз-карандысыз, өз башынча болот деп ойлошот. Чындыгында болсо, үйлөрүнө кирген бир ууруну, буту чалынган бир ташты, жааган бир жамгырды, түшүм берген же түшүмсүз калган бир айдоо талаасын, оңунан жүргөн же зыян алып келген бир ишти, унутулуп күйүп калган бир тамакты да, баарын жараткан Аллах. Бул багытта адам ой жүгүртүүсүн болушунча кеңири алып, ойлонушу керек. Себеби ар бир окуяны, ар бир майда-чүйдөнү Аллах билип турат. Ар бир окуя өтө кылдат бир план менен Аллахтын чексиз акылы жана даанышмандыгы менен жаратылган. Адамдын бутуна чачыраган бир ылай тамчысынан жарылган бир дөңгөлөккө, теридеги бир бырыштан, бир ооруга же оңунан жүрбөй жаткандай көрүнгөн бир ишке, жазылган бир тексттен кичинекей бир сөзгө чейин бүт баарын атайын бир план менен Аллах адамдын алдынан чыгарат.
Адам бул дүйнөгө келгенден баштап анын башына келген жакшы же жамандай көрүнгөн бүт окуяларды Аллах жаратууда. Жашоону толугу менен жер жүзүнүн жалгыз өкүмдары болгон Аллах контрольдоп турат. Аллах кемчиликсиз, терең максат менен жана эң сонун кылып жаратуучу. Бул – Улуу Аллах жараткан тагдыр; Аллах жараткан тагдырдагы окуялардын арасынан бир бөлүгүн бөлүп бир тарапка коюп, аларды жакшы, калгандарын болсо жаман дегенге болбойт. Демек адам бул кемчиликсиздикти көрүп түшүнүп, Аллахтын акылынын эң кемчиликсиз натыйжаларды жаратаарын билип, ар бир окуяны жакшылыкка жорушу зарыл. Себеби Аллахка ыйман кылган жана ыйманы менен ар бир окуяны жакшылык көзү менен карап, жакшылыкка жоруган бир адам дүйнөдө да, акыретте да дайыма жакшылыктарга жолугат.
Жогоруда айтылган бул улуу акыйкатка Курандын көп аяттарында көңүл бурулган. Ошондуктан тагдырды унутуу чоң жаңылыштык болот. Аллах жараткан тагдыр бирөө гана жана эч өзгөрбөйт. Кээ бир адамдар тагдырды «кырсыктан сооротуу (жубатуу)» сөзүндөй эле көрүшөт. Ыймандуулар болсо тагдырды эң туура түшүнүп, тагдырдын алар үчүн эң жакшысы экенин билишет.
Тагдыр – мусулман үчүн башынан аягына чейин кемчиликсиз даярдалган, терең максаттарга жана жакшылыктарга толо бир бейиш даярдыгы. Ыймандуунун бул дүйнөдө кабылган ар бир кыйынчылыгы бейиште түбөлүккө чейин ала турган ырахатынын, кубанычынын булагы болот. «... Кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик бар» (Инширах Сүрөсү, 5) аяты да бир тараптан ушул чындыкка ишарат кылат. Ыймандуу адамдын көрсөткөн сабыры менен эр жүрөктүгү өтө сонун сый-жакшылыктар менен түбөлүккө чейин сыйланган абалда тагдырга жазылган.
Бир ыймандуу адам кээ бир окуяларга кайгырып, санаа тартышы мүмкүн. Буга ошол учурда ал окуянын тагдырда жазылганын, бүт баарын Аллахтын жаратканын унутушу себеп болот. Ага «бул окуяны Аллах бир жакшылык менен жаратты» деп айтылса, эгер ошол учурда ою алагды болбогон болсо, чындыктарды көрүп, көңүлү тынчыйт. Ошондуктан мусулман ар бир окуянын тагдырда экенин дайыма эстеп, башкаларга да эстетип турушу керек.
Аллах эзелтен (эң башында) жакшылык жана терең максат менен даярдаган окуяларга ишенип, алардын жакшы тараптарын, сырларын түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Ар бир адам Аллахтын каалоосу менен бул чындыктарды түшүнө алат. Балким окуялардагы сансыз жакшылык менен даанышмандыктардын баары бир караганда көрүнбөшү мүмкүн; бирок эгер бир окуя болгон болсо, анын мусулман үчүн Аллах жараткан жакшылык жана даанышмандык менен бирге болгонун билүү керек.

Жандуу, жансыз дүйнөдөгү бүт нерсенин бир тагдыр менен жаратылганын билүү...

Тагдыр – бул Аллахтын өткөн чактан келечекке чейин, болуп өткөн жана боло турган бүт окуяларды бир көз ирмемдей билиши. Бул Аллахтын бүт нерселерди, жандыктарды жана окуяларды толук башкарып тураарын көрсөтөт. Адамдар жашоосундагы окуяларды баштарына келгенде гана биле алышат. Аллах болсо алардын баарын али боло электе да билет. Аллах үчүн өткөн чак, ушул учур жана келечек – баары бир. Баары Аллахтын илиминде жана колунда. Себеби алардын баарын Раббибиз жараткан.
«Эч күмөнсүз, Биз бүт нерсени тагдыр менен жараттык» (Камер Сүрөсү, 49) аяты менен да айтылгандай, дүйнөдөгү бүт нерсенин бир тагдыры бар. Кээ бир адамдар тагдырдын иштөөсүндөгү кемчиликсиздикти жана ал тартиптин артында Аллахтын чексиз кудуретинин тураарын ойлонушпайт. Кээ бирлер болсо тагдырды адамдарга гана тиешелүү бир темадай карашат. Бирок, үйүңүздөгү буюмдан жолдо көргөн бир ташка, куураган бир чөпкө же мөмө берген бир бутактан дүкөндө турган бир банкага чейин ааламдагы жандуу, жансыз бүт нерселердин Аллах Кабатында белгиленген бир тагдыры бар. Жана ар бир буюм же ар бир жандык үчүн жаратылган тагдырды да чексиз акылдуу Аллах белгилеген.
Адам түз же кыйыр түрдө көргөн нерселеринин, күбө болгон окуялардын, уккан сөздөрүнүн баары – адамдын дүйнө жашоосундагы «бир бүтүн» өмүрүнүн бир бөлүгү. Ааламдагы чоң же кичине ар бир окуя бир максат менен болот. Эч бир гүл кокустан ачылып, кокустан соолубайт. Же эч бир адам кокустан төрөлүп, кокустан өлбөйт. Эч бир адам жаңылыштык менен же контрольсуз ооруп калбайт. Эгер бир жакшылыкка же жамандыкка кабылса, ал эч качан кокустан болбойт. Ар бирин адамды жаратып жатканда Аллах атайын белгилеп, жараткан.
Аллах Куранда «Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар» (Энъам Сүрөсү, 59) аяты аркылуу жердин же океандардын километрлеген тереңинде болгон окуялардан бир жалбырактын түшүшүнө чейин ааламда болуп жаткан ар бир кыймыл-аракеттин бир тагдыр менен ишке ашаарын кабар берген.
Бирок көп адамдар тагдырдын ар бир көз ирмемин Улуу Аллахтын жаратканын билишпейт. Кээ бирлер кантип жаратылганын, өмүр бою аларга келип жаткан бүт жакшылыктардын кантип пайда болгонун да эч ойлонгон эмес. Кээ бирлер болсо жашоо менен өлүмдү Аллах жараткан, бирок жашоонун ичиндеги окуялар кокустан болот деп ойлошот.
Бирок Куранда «Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде (өзүңөрдө) болуп жаткан ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Эч күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой» (Хадид Сүрөсү, 22)деген аят аркылуу башыбызга келген ар бир окуяны, ар бир майда-баратты Аллахтын атайын бир даанышмандык жана акыл менен пландаганы кабар берилген. Адамдын бул маанилүү чындыкты түшүнүшү өтө маанилүү. Себеби дүйнөдөгү ар бир нерсенин тагдырын чексиз акылдуу жана чексиз илимдүү Аллах белгилөөдө. Ошондуктан ар бир майда-барат эч кемчиликсиз пландалып, эң даанышмандык менен жаратылууда. Бул чындыкты түшүнгөн бир адам жашоонун ар бир көз ирмеминен; жакшыдай көрүнгөндөрдөн да, жамандай көрүнгөндөрдөн да өтө ыраазы болот. Себеби Аллахтын чын ыкластуу кулдары үчүн тагдырды эң сонун кылып жаратканын билет. Аллах жакшы деген бир нерсе жөнүндө адамдын терс күмөн санашынын өтө туура эмес болоорун түшүнөт. Мындай ыймандык түшүнүк окуяларга жакшылык көзү менен карашына жана окуялардагы жакшылык менен даанышмандыктарды байкашына шарт түзөт.
Адам кыйынчылыктарга туш болгондо, башына келген окуяны Аллах жараткан жок, башка бирөө буга себеп болду деп ойлошу болсо анын тагдырды түшүнбөгөнүн көрсөтөт. Жамандыктай көрүнгөн ар бир окуя негизи – бир «тагдыр сабагы». Бүт нерсени сөзсүз даанышмандык жана жакшылык көзү менен баалоо керек. Чоң же орто, маанилүү же маанисиздей көрүнгөн ар бир окуя тагдырда даанышмандык жана акыл менен жаратылган. Кээ бир адамдар баштарына көп келген, каалабаган окуяларды терстик дешет. Бирок терстикте да жакшылык менен даанышмандык бар. Адам терстик деп ойлойт, бирок тагдырда ошол окуянын дал ошондой ишке ашышы эң туурасы болот.
Адамдарды кайгырткан, тынчсыздандырган, аларды ачууланткан, кыйнаган, терстик, жамандык деп аталган окуялардын сыры менен жакшылыктарын Аллах бир учурда баарын көрсөтсө, адам кайгыруунун канчалык туура эмес экенин заматта түшүнөт. Ыймандуу бир адам ал жакшылыктарга кайгыруу мындай турсун, тескерисинче өтө кубанат. Ошондуктан адам тагдырда, б.а. Улуу Аллах даанышмандык жана максат менен жараткан окуяларда дайыма жакшылык жана даанышмандык издеп, ушул түшүнүктө кубанып жашоого милдеттүү.
Жакшылыктай көрүнгөн окуяларда жамандык, жамандыктай көрүнгөн окуяларда жакшылык болушу мүмкүн экенин билүү...
Жогоруда Аллахтын чексиз акылдуу экенин жана дүйнө жашоосунда болгон ар бир окуяны атайын бир план жана тагдыр менен, жакшылык жана сыр менен жаратканын айттык. Бул жерде дагы бир жагдайды түшүнүү керек: Аллах жараткан окуялардын кайсынысында жакшылык, кайсынысында жамандык болушу мүмкүн экенин бир гана Аллах билет. Себеби Аллахтын акылы чексиз, адамдыкы болсо чектүү. Адам окуялардын сырттан көрүнгөн бөлүгүн гана көрүп, аларга өз түшүнүгүнө жараша гана баа берет. Чектүү акылы жана түшүнүгү менен кээде жакшылык болгон бир окуяны жамандык, жамандыкка толо бир окуяны болсо жакшылык деп ойлошу мүмкүн. Ошондуктан туураны көрүү үчүн ыймандуу бир адам Аллахтын чексиз акылы менен илимине моюн сунуп, ар бир окуяга жакшылык көзү менен карашы шарт. Аллах бир аятында адамдарга мындай деп билдирет:
... (Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык (болот). Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)
Аллах бул аятта билдиргендей, адам өзү үчүн өтө жакшы деп ойлогон бир окуя анын дүйнө жана акыретте азапка кабылышына себеп болушу мүмкүн. Же зыянга учурайм деп ойлоп качкан бир окуя ал адамга жакшылык, береке, молчулук жана бейпилдик алып келиши ыктымал. Булардын баарынын чыныгы маалыматы бир гана Аллах Кабатында жашырылган. Жамандыктай да, жакшылыктай да көрүнгөн окуялардын баары Аллахтын каалоосу менен болот.
Аллах ким үчүн эмнени кааласа, ошол болот. Куранда «Аллах сага бир зыян тийгизе турган болсо, Андан башка эч ким аны сенден кетире албайт. Жана эгер сага бир жакшылык кааласа, Анын мол берешендигин эч ким артка кайтара албайт. Кулдарынан каалаганына андан жеткирет. Ал кечиримдүү, боорукер.» (Йунус Сүрөсү, 107) аяты аркылуу да бул маанилүү чындык эске салынган.
Ошондуктан Раббибизден бизге келген ар кандай окуя, жакшылыктай көрүнсө да, жамандыктай көрүнсө да, негизи биз үчүн жакшылык болот. Жогоруда да айтылгандай, окуялардын жыйынтыгын убакыт менен мейкиндиктен көз-каранды адамдар эмес, убакыт менен мейкиндиктен көз-карандысыз, убакытты, мейкиндикти, окуяларды жана адамдарды да бир учурда жараткан Аллах белгилейт  (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Убакыттын жоктугу жана тагдыр).

Ыймандуулар Үчүн Ар Бир Окуяда Жакшылык Бар

Ыймандуулар Үчүн Ар Бир Окуяда Жакшылык Бар

Ар бир адамдын жашоосунда кыйын учурлар деп айтканга боло турган учурлар бар. Куран адеп-ахлагынан алыс жашаган адамдардын көпчүлүгү мындай учурларды кайгырып, капаланып өткөрүшөт. Ачууланып, түнөрүп, адамдар менен талашып-тартышышат. Мунун жалгыз себеби болсо – китептин башынан бери айтылып келе жаткандай, ал кишилердин дин алып келген мыкты кулк-мүнөздөн алыс болушу. Аллахка жана Ал жараткан тагдырдын кемчиликсиздигине ыйман кылбаганы үчүн башына келген окуялардын, тарткан кыйынчылыктарынын артында бир сыр жана жакшылык көрө алышпайт. Ыйман кылбаганы үчүн ансыз да дүйнөдө өткөргөн ар бир көз ирмеми алардын зыянына иштейт. Алар болсо ошонун кыйынчылыгы менен азабы ичинде өмүр сүрүшөт.
Ыймандуулар болсо Аллах дүйнө жашоосунда алар үчүн жараткан кыйынчылыктардын бир сыноо экенин билишет. Андай сыноолордун чын ыкластуу (чын ниеттүү) мусулмандар менен «жүрөктөрүндө оорусу бар» жана чындап ыйман кылбаган кишилердин айырмаланышы үчүн атайын жаратылганын билишет. Себеби Аллах мусулмандарды сөзсүз сынаарын жана чынчылдар менен чынчыл эместерди бир-биринен ажыратаарын Куранда төмөнкүчө убада кылган:
Же силер Аллах араңардан жехд кылгандарды (аракет кылгандарды) аныктап-айырмалабастан жана сабыр кылгандарды да аныктап-айырмалабастан бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? (Али Имран Сүрөсү, 142)
Аллах таза эмести тазадан айырмалаганга чейин ыймандууларды силер турган абалыңарда таштап койбойт... (Али Имран Сүрөсү, 179)
Бул жөнүндө Куранда Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болуп өткөн мындай окуя мисал берилген:
Эки топ жолуккан күнү силердин башыңарга келген Аллахтын уруксаты менен гана болду. (Бул Аллахтын) ыймандууларды айырмалашы; мүнафыктык (эки жүздүүлүк) кылгандарды да аныкташы үчүн эле... (Али Имран Сүрөсү, 166-167)
Бул аяттар негизи ушул кезге чейин айтылгандарды түшүндүрүүдө. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда мусулмандар кыйын шарттарга туш болуп, сырттан караганда бир катар кыйынчылыктарды тартышкан. Сырттан караганда ыймандуулар оор бир күрөш ичинде сыяктуу көрүнгөн. Бирок аяттарда билдирилгендей, бул окуя да Аллахтын уруксаты менен болуп, ыймандууларга зыян тийгизүүгө аракет кылган мүнафыктардын (эки жүздүүлөрдүн) белгилүү болушуна себеп болгон. Б.а. жыйынтыгы ыймандуулар үчүн –ар дайымкы сыяктуу- жакшылыкка айланган.
Ыймандуулар бул аяттарда кабар берилген чындыктарды билгени үчүн жамандай көрүнгөн бир окуяны же кыйынчылык учурун чын ниетин, Улуу Аллахка болгон жакындыгын жана таянычын көрсөтүүнүн сонун бир мүмкүнчүлүгү катары баалашат. Дүйнөдө кыйынчылыктар менен да, сый-жакшылыктар менен да сыналаарын эч унутушпайт. Мындай сонун мүнөзү жана моюн сунуучулугу үчүн Аллах жамандай көрүнгөн окуяларды жана кыйынчылыктарды чын ыкластуу кулдарынын пайдасына айлантат.
Алдыда адамдар күнүмдүк жашоосунда жолугушу ыктымал болгон кээ бир кыйынчылыктардан, дүйнө жашоосундагы сыноолордон сөз кылынат. Максат – ыймандуулар үчүн кыйынчылыктай көрүнгөн окуялардын артында жашырылган жакшылыктарды, дүйнөдө жана акыретте кыйынчылыктарга сабыр кылуунун ыймандууларга алып келе турган жакшылыктарын эстетүү.

Мал-мүлктөрдү азайтуу сыноосу

Адамдардын көпчүлүгүнүн жашоосундагы эң негизги максаттарынын бири – бул бай болуу. Жашоосунда өтө маанилүү орунду ээлеген бул максатка жетүү үчүн ар кандай жолду жасап көрүшөт жана эч нерседен тартынышпайт. Адамдардын мал-мүлккө мынча маани бериши Куранда «күчтүү арзуу» жана «дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу кооздугу» деп айтылган. Аяттарда мындайча билдирилет:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон күчтүү арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу» көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун мекен – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)
Мал-мүлк жана балдар дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу кооздугу; туруктуу салих (чын ыкластуу жакшы) иштер болсо Раббиң Кабатында сообу жагынан жакшыраак, үмүт кылуу жагынан да жакшыраак. (Кехф Сүрөсү, 46)
Аллах башка бир аятында болсо динден алыс жашаган адамдар жөнүндө «Мал-мүлктү «бир жыйноо каалоосу жана ач көздүк менен» сүйөсүңөр» (Фежр Сүрөсү, 20) деп билдирген. Бул аяттан да көрүнүп тургандай, караңгы (Курандан алыс) адамдар болгон аракети менен мал-мүлк жыйнагысы келет. Себеби мал-мүлккө бай болуу динди негиз тутпаган коомдордо өйдөлүктүн эң негизги көрсөткүчү болуп саналат. Андай туура эмес модельде бай адам сыйланып, урмат көрөт жана баркталат. Адамдар байлыкка жеткенде өтө чоң күчкө жеттим деп ойлошот. Ошондуктан бүт адамдардын эң негизги каалоолорунун бири өтө бай болуу болуп эсептелет.
Караңгы адамдардын мал-мүлктү жана байлыкты мынчалык сүйүшү өмүр бою алардан айрылып калуу коркуусун да алып келет. Мындай туура эмес түшүнүктөгү кээ бир адамдар мал-мүлкү кандайдыр бир себеп менен колдорунан алынса, толук үмүтсүздүккө түшүп, Аллахка баш көтөрүп башташат. Мал-мүлкүнүн азайышынын бир сыноо экенин эч билбегени үчүн өтө чоң зыянга учурадым деп кайгырат.
Бирок Аллах Куранда ыймандуу кулдарына колуңардан чыккандар үчүн кайгырбагыла жана силерге берилген сый-жакшылыктар үчүн кубанып-көппөгүлө деп буйруган (Хадид Сүрөсү, 23). Аллах аяттарында адамдарды токтоолукка жана жакшы кулк-мүнөзгө чакырат. Бир адамдын мал-мүлкү көбөйгөндө көбүшү, азайганда болсо үмүтсүздүккө түшүшү Аллахка жасалган шүгүрсүздүк болот.
Бирок окуяларды өздөрүнүн туура эмес түшүнүгү менен баалаган караңгы коомдун адамдары мал-мүлктөн ажыраганда кайгырууну кадыресе нерседей көрүшөт. Мисалы, бир адам өмүр бою иштеп жыйнаган байлыгынан бир табигый кырсык себебинен бир канча секундада ажырап калышы мүмкүн. Же көпкө акча чогултуп алган кооз үйү бир өрттүн себебинен бат эле адам жашагыс болуп калышы ыктымал. Дүйнө жашоосунун бир сыноо мекени экенин жана мындай окуя менен сыналып жатканын билбеген бир адам мал-мүлкү бир заматта колунан алып коюлганда башына келгенге түшүнбөй, терс мүнөз көрсөтүп баштайт.
Динден алыс адамдар мал-мүлктөн ажыроону ушундай туура эмес көз-караш менен караганы үчүн, бул окуянын жакшы тарабы болушу мүмкүн эмес деп ойлошот. Ушундай көз-карашта болуп, Аллахка таянбаганы үчүн чындап эле бул окуя алардын зыянына болот.
Ал эми жакшылык көзү менен караган адамдар үчүн болсо абал такыр башкача. Мал-мүлкүнөн ажыроонун ошол учурда билинбеген көптөгөн сырлары жана жакшы жактары бар. Балким Аллах ошол аркылуу байлыкка көөп, бой көтөрүп дүйнө жашоосунун утурумдук кооздуктарына алданган кулдарына бир эскертүү жасап жаткандыр. Аларга бүт күчтүн Өзүнө тиешелүү экенин, Ага гана кайрылуу керек экенин эскертип жаткандыр. Же ошол кыйын учурда сабыр кылган, Аллахка таянган кулдарына дүйнөдө жана акыретте андан да жакшысын берип, алар билбеген бир жакшы келечек белгилеп койгондур. Дүйнө жашоосунун убактылуу кызыкчылыктары ордуна чексиз акырет жашоосундагы сансыз сый-жакшылыктарды аларга бериши мүмкүн; дүйнөнүн убактылуу сый-жакшылыктары менен акыреттин чексиз сый-жакшылыктары салыштырылганда, чексиз акырет сый-жакшылыктарынын жакшыраак экени анык.
Мындай окуялардын бул дүйнөдө да көптөгөн жакшылыктары болушу мүмкүн. Мисалы, бир адам жаңы сатып алган машинасы менен кырсыкка кабылып, машинасы оор залака көрсө, анда да сөзсүз бир жакшылык болот. Аллах балким ал адамды андан да чоң бир кырсыктан же башына келе турган жаман бир окуядан сактагандыр. Акылдуу бир адам башына келген ал окуяны бир эскертүү катары кабыл алып, тообо кылат жана Аллах жараткан тагдырга толук моюн сунат.

«Жакшы көргөн нерсеңер силер үчүн жамандык болушу мүмкүн»

Бакара Сүрөсүнүн 216-аятында Аллах «жамандыктай» көрүнгөн кээ бир нерселердин адамдарга жакшылык алып келиши мүмкүн экенин кабар берген. Ошондой эле, бул аятта адамдар жакшы көргөн нерселердин аларга «жамандык» болушу мүмкүн экени да кабар берилген. Куранда бул жөнүндө сараңдык кылган бай ыймансыздар мисал келтирилген. Ыймансыз адамдардын сараңдыкты «акылмандык» деп ойлошу жана Аллах жолунда колдонбогон байлыктарын өзүмө пайда алып келет деп ойлошу өтө чоң бир жаңылыштык. Себеби Аллах мындай байлыктын өз ээсине «жамандык» алып келээрин жана акыретте аларга азап берээрин Куранда билдирген:
Аллах мол берешендиги менен берген нерселеринде сараңдык кылгандар муну өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун. Жок; бул алар үчүн жамандык. Кыямат күнү сараңдык кылгандары менен моюндарынан байланышат... (Али Имран Сүрөсү, 180)
Касас Сүрөсүндө болсо Аллах көп байлык берген, бирок ал байлыкка көөп, чектен чыккан Карундун окуясы баяндалат. Айтылган эскертүүлөрдү укпаганы үчүн кыйратылган Карундун абалы адамдарга сабак болуп саналат. Карундун абалы Куранда мындайча кабар берилет:
... Биз ага ушундай казыналар бергенбиз; анын ачкычтарын (көтөрүү) чоң бир топко оор келчү. Ага коому мындай деген эле: «Эсирип-көөп сүйүнбө, себеби Аллах эсирип-кубангандарды сүйбөйт. Аллахтын сага бергендери менен акырет үчүн аракет кыл, дүйнөдөн да өз үлүшүңдү (насибиңди) унутпа. Аллах сага берешендик кылгандай, сен да берешендик кыл жана жер жүзүндө бузукулук издебе. Себеби Аллах бузукулук кылгандарды сүйбөйт.» (Ал) Айтты: «Бул мендеги бир илим себептүү мага берилди.» Чындап Аллахтын андан мурдакы урпактардан күчү жагынан андан күчтүүрөөк жана адам саны жагынан (андан) көбүрөөк адамдарды кыйратканын билбейт беле. Кылмышкер-күнөөкөрлөрдөн күнөөлөрү суралбайт. (Касас Сүрөсү, 76-78)
Аяттарда айтылгандай, Карун колундагы байлыгын өзүнө жакшылык алып келет деп ойлоп, колундагылар менен көөп, бой көтөргөн. Бирок аягында кыйроого туш болгон.
Ыймандуулар болсо «мал-мүлккө» бул жерге чейин айтылган караңгы түшүнүктөн такыр башкача көз менен карашат. Куранда буйрулгандай жашаган бир ыймандуу үчүн бай болуу өмүрүндө өтө маанилүү орунду ээлебейт.
Байлыкты сүйүү, ач көздүк кылып байлык жыйноо сыяктуу караңгылыкка тиешелүү нерселер ыймандууларда болбойт. Себеби ыймандуу адам бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө арнайт. Ушул себептен мал-мүлкүн да Аллах жолунда колдонот жана напсисинин өзүмчүл каалоолоруна эч алданбайт; дүнүйөлүк кызыкчылыктарды эмес, дайыма акыреттеги сый-жакшылыктарды көздөйт. Мына ушундай ыймандуулар Аллах Кабатында жогору кылынган. Жана Аллах аларга Куранда мындай сүйүнүчтүү кабар берген:
Эч күмөнсүз, Аллах ыймандуулардан жандарын жана мал-мүлктөрүн акысына аларга бейишти берүү үчүн сатып алган. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт; бул Тооротто, Инжилде жана Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бекемирээк ким бар? Демек кылган бул соодаңардан улам сүйүнүп-сүйүнчүлөшкүлө. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)
Бул чындыкты түшүнгөн пайгамбарлар, элчилер, чын ыкластуу ыймандуулар тарых бою аларга сый-жакшылык катары берилген мал-мүлктүн негизи Раббибиз Аллахка тиешелүү экенин билип жашашкан, жана бүт байлыктарын Аллахтын ыраазылыгына жетүү максатында колдонушкан. Мисалы, аятта айтылгандай, ыймандуулар «... мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга» (Бакара Сүрөсү, 177) бере турган кулк-мүнөздө жана боорукер болушкан. Ошондой эле, ыймандуулар кээ бир адамдардай болуп эл көзүнө эмес, тескерисинче «... Аллахтын ыраазылыгына жетүү жана ыймандарын бекемдеп-күчтөндүрүү үчүн гана» (Бакара Сүрөсү, 265) садака кылышат. Ошондуктан мал-мүлкү азайганда караңгы адамдардай болбой, тескерисинче, анын Аллахтын бир сыноосу экенин билип, сабыр кылышат жана жакшылык көзү менен карашат. Аллахка ишенгендердин мындай учурдагы мамилеси Куранда төмөнкүчө айтылган:
Айткын: «Эй мүлктүн ээси Аллахым, каалаганыңа мүлк бересиң жана каалаганыңдан мүлктү кайра аласың, каалаганыңды жогору кылып, каалаганыңды төмөндөтөсүң; жакшылыктар Сенин колуңда. Чындыгында Сен бүт нерсеге кудуреттүүсүң.» (Али Имран Сүрөсү, 26)
Аллахка ишенгендер ыймансыздардын мал-мүлктөрүнүн аларга дүйнөдө жакшылык эмес, тескерисинче азап алып келээрин өтө жакшы билишет. Бул Улуу Аллахтын убадасы. Аятта мындай деп айтылат:
Демек алардын мал-мүлктөрү менен балдары сени суктантпасын; Аллах булар аркылуу аларды дүйнө жашоосунда азаптоону жана жандарынын каапырлык ичинде кыйынчылык менен чыгышын гана каалайт. (Тообо Сүрөсү, 55)

Оорулардын артындагы жашыруун сырлар

Караңгы коомдогу адамдар дайыма келечек жөнүндө пландарды түзүп, ал пландарынын дайыма алар ойлогондой болушун күтүшөт. Ошол себептен кокус бир ооруга чалдыкканда же күтүүсүз кырсыкка кабылганда бир заматта бүт жашоолору астын-үстүн болот. Себеби курган пландарында оору же кырсык сыяктуу окуяга эч орун беришпейт. Ал тургай, көпчүлүгү ден-соолугу чың кезде –күн сайын миңдеген адамдардын башына келип турган- мындай окуяларга кабылышы мүмкүн экенин ойлонушпайт дагы.
Ошондуктан караңгы адамдар мындай жагдайга кабылаар замат сүйлөнүп, кайгырып башташат. «Эмне үчүн менин башыма мындай окуя келди?» деген сыяктуу тагдырга толук карама-каршы келген мамиле көрсөтүшөт. Мындай көз-караштагы, динден алыс жашаган адамдар бир оору же кырсык учурунда Аллахка таянып, ал окуяга жакшылык көзү менен карай алышпайт.
Тагдырды түшүнө албаган мындай адамдар башына келген бир оорунун себеби катары бир гана вирустар менен микробдорду көрүшөт. Ошол сыяктуу, бир жол кырсыгына кабылганда, машинаны жакшы айдабаган адам гана буга себеп болду деп ойлошот. Бирок чындык башкача. Ооруга себеп болгон ар кандай микроорганизм же адамга зыян берген ар кандай унаа, ар кандай адам – бул Аллах себеп кылып жараткан нерселер. Жана алардын эч бири ээн баш эмес; баары Аллахтын контролунда гана кыймылдашат. Эгер бир вирус себебинен бир адам оор бир ооруга чалдыкса, бул Улуу Аллахтын каалоосу менен болгон болот. Эгер бир машина бир адамды сүзүп аны майып кылса, бул дагы Аллах жараткан тагдырдагы бир окуя болот. Бир адам эмне гана кылбасын, аларды өзгөртө албайт; тагдырынан бир көз ирмемди да алып сала албайт. Себеби тагдыр бүтүн бойдон жаратылат. Жана чексиз кудуреттүү Аллахка моюн сунуп, Анын чексиз акылына жана мээримине ишенип таянган адам үчүн оору да, кырсык да, башка жамандыктай көрүнгөн окуялар да аягы жакшылык менен бүтө турган убактылуу сыноолор болот. Аллахка ыйман кылып, Ал жараткан тагдырга моюн сунган адамдардын мындай кыйынчылык жана оору учурларындагы жакшы мамилеси жана жакшы мүнөзү эң маанилүү нерсе.
Оорулар менен кырсыктар ыймандуулар үчүн сабыры менен кулк-мүнөзүнүн сонундугун көрсөтүүнүн убактысы жана Аллахка жакындоонун өтө маанилүү бир мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Аллах Куранда кыйынчылык учурунда көрсөтүлө турган сабырдын маанисин айтып жатканда, оору учурларын да белгилеген:
... Бирок жакшылык Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор чынчылдар жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 177)
Жогоруда да айтылгандай, аятта ооруган учурлардын да айтылганы маанилүү. Жаны кыйналып турган адам жакшы мүнөздө болушу үчүн алардын баарынын сыноо экенин; ооруну да, шыпааны да бир гана Аллахтын жаратаарын ойлонушу керек. Эгер адам оорусундагы же башына келген кырсыктагы жакшылыктар менен сырларды ойлонсо, аларды ошол учурда көрө албаса да ал кыйынчылыктан өтө чоң пайда алат. Дүйнөдө убактылуу кыйноо тартат, бирок Аллахтын уруксаты менен акыретте Раббибизге чын жүрөктөн моюн сунганы үчүн Анын чексиз жакшылыгы менен сыйланаарын үмүт кыла алат.
Бирок бул чындыкты жүрөгү менен түшүнүп, ушундай окуяга кабылганда жакшы мүнөз көрсөтө алуу өтө маанилүү. Ал үчүн болсо бүт оорулардын бир максат менен жаратылаарын эч унутпаш керек. Аллах кааласа адам эч качан оорубайт, эч жаны кыйналбайт. Бирок эгер адам мындай кыйынчылыкка кабылса, ал кыйынчылыктын бул дүйнөнүн убактылуулугун жана Аллахтын чексиз кудуретин түшүнүшү жагынан көптөгөн терең сырлары бар экенин билиши зарыл.
Бул бөлүмдө ал сырлардын бир канчасына токтолуп, оору же кырсык сыяктуу учурларда чын ниеттүү бир ыймандуунун моюн сунуучулугунун кандай болушу керек экенин карайбыз.

Оору адамга алсыздыгын жана Аллахка муктаж экенин эстетет

Ооруганда адамдын ошол күнгө чейин бир жакшына турган денеси көзгө да көрүнбөгөн вирустар менен микробдордон жеңилет. Жана белгилүү болгондой, көп оорулар алсыздыкка, ар кандай жердин оорушуна себеп болот. Ал тургай, кээ бир оору түрлөрүндө адам төшөктөн да тура алгыс даражада алсыз болуп калат же денеси ошончолук катуу ооруйт. Микроскопиялык бир вирустун денесин мынчалык алсыздатылышына жолтоо боло албаган адам мындай учурларда өзүнүн алсыздыгын жана Аллахка канчалык муктаж экенин бир топ жакшы түшүнөт. Натыйжада ден-соолугу чың кезде бой көтөрүп, текеберденген, колундагы байлык, бийлиги менен мактанган адам балким убагында жакшылап ойлонбогон бул чындыкты байкашы мүмкүн. Бүт нерсенин Жаратуучусу Раббибиздин чексиз кудуретин жакшыраак түшүнүшү ыктымал.

Ооруган учурда ден-соолукта болуунун Аллахтын бир берешендиги жана жакшылыгы экенин жакшыраак түшүнөбүз

Күнүмдүк жашоодо көбүнчө адамдар ден-соолукта болуунун канчалык чоң жакшылык экенин ойлонушпайт. Көп убакыт бою оорубаган жана натыйжада кыйналып, бир жери сыздабаган адам буга көнүп калат. Бирок күтүүсүз бир ооруга чалдыкканда ден-соолукта болуунун Аллахтын бир сыйы экенин түшүнөт. Себеби бир нерсенин кадырын аны жоготкондо же андан айрылганда жакшыраак түшүнөбүз. Белгилүү Ислам аалымы Саид Нурси да айткандай, «суук болбосо жылуулук билинбейт, андан ырахат алынбайт. Курсак ачпаса, тамак ырахат бербейт. Оору болбосо ден-соолуктун ырахаты болбойт. Б.а. бүт нерсе карама-каршысы менен түшүнүлөт жана кадыры билинет.»

Адам катуу ооруганда дүйнөнүн убактылуу экенин, өлүмдү жана акыретти көбүрөөк ойлонуп башташы мүмкүн

Көп адамдар өтө олуттуу бир ооруга чалдыкканда же бир органынан айрылганда, муну бир жамандыктай көрүшү мүмкүн. Чындыгында болсо, балким ал кишинин оорусу дарт катары, балээ катары эмес, акыретте кутулууга жетип, бир гана Аллахка бурулушу үчүн бир себепчи катары ага берилгендир. Себеби олуттуу бир ооруга чалдыккан адамдын көзү бир топ ачылат. Жаны кыйналганда адам көнүмүш маанайдан, б.а. капылеттиктен чыгып, жашоонун маанисин жана акыретти көбүрөөк ойлонуп башташы ыктымал. Ал адам дүйнөгө байлануунун маанисиздигин жана өлүмдүн канчалык жакын экенин түшүнөт. Бүт өмүрүн эч нерсени ойлонбой, капылеттикте өткөрүүнүн ордуна, эч күтүүсүз ооруга чалдыкканда балким акырет жашоосунун жана Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн маанисин түшүнүп, түбөлүк жашоосунда кутулууга жетиши мүмкүн.

Адамдын Аллахка дубасы көбөйүп, Ага жакындайт

Олуттуу бир оорунун денедеги белгилери көбөйгөн сайын көп адамдар дайыма ойлонуудан качкан өлүмдү ойлонуп баштайт жана адам чын жүрөктөн Аллахка дуба кылып, ден-соолук сурайт. Өмүр бою эч дуба кылбаган бир адам да катуу ооруга кабылганда, Аллахка жалбарышы мүмкүн. Раббибизге өтө чын ыкластан дуба кылышы, жана ушул себептен Аллахка жакындыгы өсүшү ыктымал. Жана эгер ал адам айыкканда да ошондой чын ыклас менен дубаларын улантса, ден-соолугу чыңыганда шүгүрсүздүк кылбаса, башына келген оору ал үчүн чоң бир жакшылыкка, б.а. ыкластуу өмүр сүрүшүнө себепчи болгон болот.
Аллах Куранда мындай кыйын учурларда Өзүнө кайрылган адамдарды кабар берген. Аяттарда мындай деп айтылат:
Адамга немат-жакшылык бергенибизде, жүз буруп, бурулуп кетет; ага бир жамандык келгенде болсо, ал көп (көп жана терең терең) дуба кылуучуга айланат. (Фуссилет Сүрөсү, 49-51)
Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Чектен чыккандарга кылган иштери мына ушундай кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)
Адамдарга бир зыян келгенде, «чын көңүлдөн толук моюн сунуп», Раббилерине дуба кылышат; анан Өзүнөн аларга бир мээрим бергенде болсо, ошол замат бир тобу Раббилерине шерик (ширк) кошушат. (Рум Сүрөсү, 33)
Бирок жогорудагы аяттардан көрүнүп тургандай, адамдын кыйынчылык учурунда дуба кылышы жетиштүү болбойт; Аллахтын алдында алсыздыгын түшүнгөндө дуба кылган сыяктуу, ага жакшылык берилгенде да, Аллахка жакын болушу керек. Ошентип оору жана кыйынчылык ага кабылган кишинин алсыздыгын түшүнүп, тообо кылышына жана калган өмүрүн Аллахка моюн сунуп өткөрүшүнө себепчи болот.

Ооруганда Аллахка таянуунун жана сабыр кылуунун акысы акыретте түбөлүк бейишке жетүү аркылуу алынат

Буга чейин да айтылгандай, оорулардын бир максаты – дүйнө жашоосунда адамдардын сабырларын жана Аллахка болгон таянычын (тобокелдигинин) сыноо. Ыймандуулар бир ооруга чалдыкканда, Аллахка карата туруктуулугу, Ага таянуусу жана сабыры менен караңгы адамдардан айырмаланышат. Себеби кыйын учурларда жакшы кулк-мүнөздө болуу Аллахтын ыраазылыгына туура келет жана акыретте ага чоң сыйлык берилет деп үмүт кылышат. Ооругандан мурда Аллахка толук моюн сунбаган киши болсо балким оору себептүү ушундай жакшы касиеттерге жетип, убактылуу дүйнө жашоосундагы кыска убакытка созулган кыйынчылыктар үчүн түбөлүк бейиш жашоосунун сый-жакшылыктарына жетиши мүмкүн.
Аз. Ибрахимдин оору менен байланыштуу чын ыкластуу дубасы ыймандуулар үчүн сонун бир өрнөк. Ал дуба аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:
«Ооруганда мага шыпаа берген – Ал (Аллах). Мени өлтүрө турган, кийин тирилте турган да – Ал.» (Шуара Сүрөсү, 80-81)
Дагы бир сонун өрнөк болсо – Аз. Айубдун кыйналган учурдагы мамилеси жана мыкты кулк-мүнөзү. Куранда айтылышынча, Аз. Айубга оор бир кыйынчылык келген, бирок ал ошол кыйын учурда Аллахка өтө бекемдик жана туруктуулук көрсөтүп, башкаларга өрнөк болгон. Ушул себептен Аз. Айуб – Аллахка ишенип, таянган жана моюн сунган мамилеси менен Куранда макталган бир пайгамбар.
Куранда кабар берилишинче, Аз. Айуб ал кезде, мындан тышкары, шайтандын терс азгырыктарына да кабылган. Шайтан анын кыйын абалда калганынан пайдаланып, аны Аллахка таянуудан алыстатканга аракет кылган. Оору же бир кыйынчылык учурунда кээ бир адамдар көңүлүн жакшы топтой албаганы үчүн, шайтандын азгырыктарына оңой кириши мүмкүн; бирок Аз. Айуб Аллахка чын көңүлдөн моюн сунган бир пайгамбар катары шайтандын мындай тузагына түшкөн эмес. Кыйналганын чын жүрөктөн Аллахка айтып, Андан жардам сурап дуба кылган. Куранда Аз. Айубдун өрнөк дубасы мындайча кабар берилет:
Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине: «Мени бул дарт (жана оору) ороп алды. Өзүң ырайымдуулардын эң ырайымдуусусуң.» деп дуба кылды. Анан Биз анын дубасын кабыл кылып, аны дарттан арылттык... (Анбия Сүрөсү, 83-84)
Аллах анын мындай чын ниеттүү дубасына жооп берип, «Шафи» (шыпаа берүүчү) сыпаты менен эмненин ага шыпаа болоорун Аз. Айубга кабар берген. Аяттарда мындай деп айтылат:
Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. «Бутуңду кыймылдат. Мына жууна турган жана иче турган муздак» (суу деп вахий кылдык). Кабатыбыздан ага бир мээрим жана акылы тазалар үчүн бир сабак катары үй-бүлөсүн жана алар менен бирге дагы ошончону тартуу кылдык. «Жана колуңа бир десте (сап) алып, аны менен ур жана антыңды бузба.» Чындыгында Биз анын сабыр кылуучу экенин көрдүк. Ал кандай сонун кул (пенде) эле. Себеби ал (дайыма Аллахка) кайрылган адам эле. (Сад Сүрөсү, 41-44)
Аз. Айуб башына кыйынчылык келгенде Раббибизге болгон таянычы, жакындыгы жана сабыры менен мыкты мүнөзүнүн сыйлыгын, эч күмөнсүз, толугу менен алган (эң туурасын Аллах билет). Өзүнөн кийинки бүт мусулмандарга да мындай терең тобокели (Аллахка таянычы) менен сонун өрнөк болгон.

Ыймандуулардын кетирген каталарында да жакшылык бар

Караңгы элдерде адамдардын эң көп тартынган нерселеринин бири – бул ката кетирүү. Себеби ката кетирген киши эл алдында уят болуп, көбүнчө шылдыңдалат. Же өзү үчүн маанилүү деп ойлогон кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн ажырайт. Ошондуктан караңгы коомдо жашаган адамдарда ката кетирүү «коркунучтуу бир түштөй» эле болуп калган.
Ал эми Куран адеп-ахлагында болсо такыр башкача. Эң биринчиден, ыймандуулар эч кимди кетирген катасына карап баалашпайт. Ката кетирген кишинин да бир адам экенин, табиятынан катага жакын экенин билип, ага боорукердик жана мээрим көрсөтүшөт.
Ошондой эле, ыймандуу адам өзү ката кетиргенде болсо, түз ниети менен ойлонуп өзүнүн катасын түшүнөт, жана Аллах коркуусу менен жүрөгү ага багыт көрсөтөт. Катасын оңдоого аракет кылат. Чексиз мээримдүү Аллахка дуба кылып, кечирим сурайт.
Ыймандуунун ката кетиргенде сезген бушаймандыгы да ал үчүн бир жакшылык болот. Себеби бул бушаймандык – караңгы адамдардыкындай өзүн кыйнаган бир бушаймандык эмес, ал катаны кайра кетирбейм деген чечим. Мындайда ыймандуунун тагдырга моюн сунуп, өзүн тапшырып, бүт окуялардын тагдырында экенин билиши өтө маанилүү. Натыйжада Аллахка болгон жакындыгы алда канча өсөт.

«Ар бир жан өлүмдү татат...»

Караңгы адамдардын ишеними боюнча, бир адамдын башына келчү эң жаман окуялардын бири – бул жакындарынын же өзүнүн өлүмү. Өлүмгө жакындоо же бир жакынынан айрылуу эң корккон нерселеринин башында турат. Өлүм жөнүндө көп сөз кылбай, башка темаларга эртерээк өтүп кетүүгө аракет кылышат. Караңгы адамдардын туура эмес түшүнүгү боюнча, балким көп эле нерселерге жакшылык көзү менен караганга болот, бирок бир адамдын өлүмүндө эч бир жакшылык болбойт.
Динден алыс жашаган адамдардын өлүмгө болгон көз-карашы дайыма окшош болот жана башка көз-караш эч ойлоруна келбейт. Мындай адамдар өлүмдү бир «жок болуу» катары көрүшөт жана акырет жашоосунан күмөн санашат. Динден алыс адамдар үчүн дүйнө жашоосу – алардын колундагы жалгыз өмүр. Ошондуктан алардын ою боюнча, өлгөндө бул мүмкүнчүлүк толук колдон кетет жана өлгөн адамдын артында бир гана кайгы калат. Өзгөчө абдан жакшы көргөн бир жакыны көз жумган бир адам ичинен сөзсүз абдан кайгырып, кыйналат. Ал тургай, бир жакыны жаш кезинде көз жумган болсо, Аллахка жана тагдырга арызданып, баш көтөрөт. Бирок динден алыс жашаган мындай адамдар өтө маанилүү чындыктарды унутушкан болот:
Эң биринчиден, жер жүзүндөгү адамдардын эч бири өз каалоосу менен бул дүйнөгө келген эмес. Адамдардын эч бири өз эрки менен өмүр сүрүп баштаган эмес. Бүт адамдардын өмүрү Аллахтын колунда; бүт адамдар Улуу Аллах белгилеген убакта жана Анын каалоосу менен жашоого келген. Асмандардын, жердин жана ал экөөнүн арасындагы жандуу, жансыз бүт нерсенин ээси Аллах каалаган адамынын жанын каалаган жол менен жана каалаган убакта алат. Аллах тагдырда белгилеп койгон ал убакытты эч ким артка же алдыга жылдыра албайт. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Аллахтын уруксаты болмоюнча, эч бир жан (напси) үчүн өлүм жок. Ал мөөнөтү аныкталып коюлган бир жазуу. Ким дүйнөнүн пайдасын (сообун) кааласа, ага андан беребиз, ким акырет сообун кааласа ага ошондон беребиз. Биз шүгүр кылгандарга абдан жакында сыйлык беребиз. (Али Имран Сүрөсү, 145)
Ошондой эле, адам өлүмдөн алыстоо үчүн канчалаган чараларды көрсө да, өз оюнда өтө коопсуз көргөн жерлерге жашынса да, өлүмдөн кача албайт. Эч күтпөгөн бир абалда бул дүйнө менен коштошушу мүмкүн. Ошол сыяктуу, бир жакыны өлбөшү үчүн канчалык аракет кылса да, ал тургай, бүт дүйнөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жумшаса да бул каалоосуна –Аллах кааламайынча- жете албайт. Бир аятта өлүмдүн бүт тараптан адамды табаары төмөнкүчө айтылган:
Каерде болсоңор да, өлүм силерди табат; бийик жерде бекем курулган сарайларда болсоңор дагы... (Ниса Сүрөсү, 78)
Ошондуктан адам өлүмдөн качып же жакындарын качырууга аракет кылуунун ордуна, өлүмдөн кийинкиси үчүн даярдык көрүп, сүйгөн адамдарынын да акыреттеги түбөлүк жашоо үчүн даярдык көрүшүнө себепчи болушу зарыл.

Өлүм бир бүтүш эмес, башталыш

Акыретке ишенбеген же акырет ишеними алсыз адамдардын өлүм жана өлүмдөн кийинки жашоо жөнүндөгү көз-карашы өтө туура эмес болот. Ушул себептен жогоруда айтылгандай, өлүмдү жакшы бир окуя катары эмес, бир кырсыктай көрүшөт. Өлгөн кишини кайра эч качан көрбөйм жана ал топурак болуп жок болду деп ойлошот.
Бирок, өлүм бир жок болуу эмес; тескерисинче адамдардын чыныгы мекени болгон акырет жашоосуна өтүшүнө бир себепчи. Адамдар дүйнөдө кылган жакшылык жана жамандыктарынын акысын ала турган сурак күнүнө жакындатуучу бир окуя. Жана сөзсүз бүт адамдар өлүмгө кабылып, түбөлүк мекен акыретке өтүшөт. Бул кээ бир адамдарга жаш кезде келсе, кээ бир адамдарга улгайганда келет. Бирок жыйынтыгында эч бир адам жер жүзүндө түбөлүк калбайт; адам күн сайын өлүмгө бир аздан жакындай берет. Ушул себептен өлүмдөн качууга аракет кылуу, өлүмдү ойлонбоо, өлүмдү бир кырсыктай көрүү өтө чоң акылсыздык болот.
Кээ бир кишилер болсо акыретке ишенем десе дагы, баары бир өлгөн адамдын артынан ыйлоону жана кайгырууну табигый нерседей көрүшөт. Чындыгында болсо, Аллах чексиз адилеттүү. Өлгөн киши Раббибизге сурак берет жана дүйнөдө кылгандарынын баарынын сыйлык же жазасын толук алат. Ошондуктан Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, дүйнө жашоосунда Раббибиз каалагандай өмүр сүргөн ар бир адам үчүн өлүм чексиз сонун бир жашоонун эшиги болот. Ыймандуулар үчүн өлүм – бул түбөлүк кутулуунун башталышы. Бирок жер жүзүндө бой көтөрүп, акырет жок деп, Аллахка сурак берээрин унуткан караңгы адамдар үчүн өлүм түбөлүк бир азаптын эшиги болот. Ошондуктан андай адамдардын өлүмдү бир жакшылык катары көрүшү мүмкүн эмес.
Мындай бүтүндөй карама-каршы түшүнүктөр себебинен бир ыймандуунун өлүмүнө кабылган башка ыймандуулардын мамилеси караңгы адамдардын мамилесинен такыр башкача болот. Себеби караңгы адамдардын ишеними боюнча эң жаман окуя деп эсептелген өлүм ыймандуулар үчүн бир жакшылык себепчиси катары көрүлөт. Ыймандуулар өлүмгө Улуу Аллахтын төмөнкү аятынын негизинде карайт:
Ант болсун, эгер Аллах жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр, Аллахтан келген бир кечирим жана мээрим алардын бүт жыйнап жаткандарынан жакшыраак. (Али Имран Сүрөсү, 157)
Бул аяттан көрүнүп тургандай, ыймандуулардын жашоосу да, өлүмү да жакшылык болот. Өзгөчө Аллах жолунда бир жумуш кылып жатып өлгөн ыймандуулар үчүн Аллах Кабатында атайын бир даража бар. Ошондуктан шейиттик даражасы негизи бир ыймандуу үчүн кадыр-барк болот, жана акыреттеги сыйлыгын көбөйтө турган жакшы окуя. Акырет жашоосун максат кылган жана Аллахтын ыраазылыгына жетүү максатында жашаган бир ыймандуунун Аллах жолунда шейит болушу анын кадыр-баркын абдан көтөрөт. Куранда кабар берилген бул сүйүнүчтүү кабарды билген ыймандуулар башка бир ыймандуу Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн аракет кылып жатып өлсө, эч кайгырышпайт. Тескерисинче, ал ыймандуу адамдын өлүмүндөгү жакшылыктарды көрүп, кубанышат. Албетте, эң жакшы нерсе – бул Аллахтын ыраазылыгына жана бейишине жетүү. Узун жана жакшы өмүр сүргөн, бүт ибадаттарын орундаткан, мисалы, калп айтпаган, жакшылык кылууну жактырган, адилеттүү, зекетин берген, орозосун кармаган, 5 убак намазын калтырбаган, Аллах койгон чектерден чыкпаган бир ыймандуунун Аллах Кабатында даражасы бийик болот деп үмүт кылууга болот.
Ал эми ыймансыз элдердин баарынын бир жаңылыш ою бар: бул – аларга берилген өмүр канчалык узун болсо, ошончолук жакшы болот деген көз-караш.
Төмөнкү аятта Аллах бул жөнүндөгү чындыкты апачык баян кылган:
Ал каапырдыкка адашкандар аларга берилген мөөнөттү эч өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун, Биз аларга күнөөлөрү андан да көбөйсүн деп гана убакыт берүүдөбүз. Алар үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Али Имран Сүрөсү, 178)
Бүт идеалдары менен өмүрлөрүн дүйнө жашоосунун убактылуу пайдаларына жетүүгө арнаган караңгы адамдар өмүрлөрү канчалык узун болсо, ошончолук көп дүнүйөлүк нерселерден пайдалана алабыз деп ойлошот. Ушундайча Аллахты жана акырет күнүн толук унутуп жашаган мындай адамдар бошко короткон убактысынын акырет жашоосу үчүн канчалык чоң мааниге ээ экенин түшүнүшпөйт. Бирок, жогорудагы айтта да айтылгандай, өздөрү үчүн жакшылык деп ойлогон бул мөөнөт толугу менен алардын зыянына иштейт.
Бул мисал жөнүндө ойлонгон адам жакшылык жана жамандык дегенди кандай түшүнүү керек экенин, Аллахтын «жакшылык деп ойлогонуңар жамандык, жамандык деп ойлогонуңар жакшылык» (Бакара Сүрөсү, 216) болушу мүмкүн деген өкүмүн бир топ терең түшүнө алат.